
Кыргыз Республикасы
Борбордук Азиянын түндүк-чыгышындагы мамлекет. Түштүк-батышында Памир-Алай, түндүк-чыгышында Теңир-Тоо тоо системаларында жайгашкан. Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай менен чектешет.
Эгемендүүлүктүн датасы
1991-жылдын 31-августунда (СССРден)
Тилдери
кыргыз тили — мамлекеттик, орус тили — расмий.
Аянты
199,9 миң. км²
Калк
7 037 590 (2022-ж. КРнын Эл жана турак жай фондун каттоонун маалыматтарын эске алуу менен)
Борбору
Бишкек
Валютасы
кыргыз сому (KGS, код 417)
Интернет-домени
.kg
Телефондук коду
+996
Картадагы облусту басыңыз
Чүй облусу
Чүй
Административдик борбору — Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын борбору.
Чүй облусуна 8 район кирет — Панфилов району, Жайыл району, Москва району, Сокулук району, Аламүдүн району, Чүй району, Ысык-Ата району жана Кемин району.
Мамлекеттик белгилер
Символдор

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу
Туу 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген.
Авторлор тобу: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынып, Президент Садыр Жапаров тарабынан 22-декабрда кол коюлган. Мыйзам 2023-жылдын 26-декабрында «Эркин-Тоо» расмий гезитинде жарыяланган. Кабыл алынган мыйзам менен туунун күн нурларынын формасы толкун сымалдан түз нурларга өзгөртүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби
Герб 1994-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген.
Авторлор: А. Абдраев жана С. Дубанаев.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби — ак шумкардын канаттарын жайып турган сүрөтү, ак алкактуу көк тегеректин ортосунда, көлдүн, Ала-Тоо тоолорунун этектеринин жана алтын нурлуу чыгып келе жаткан күндүн фонунда; эки тарабында пахта жана буудай баштары менен; тегеректин жогорку бөлүгүндө «Кыргыз», төмөнкү бөлүгүндө «Республикасы» деген жазуулар бар.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни
Гимн 1992-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген.
Сөздөрү: Ж. Садыков, Ш. Кулуев
Музыкасы: Н. Давлесов, К. Молдобасанов
Кыргызчадан котормо: К. Акматова жана М. А. Рудова

Ырдын сөздөрү
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар, Элибиздин жаны менен барабар. Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп, Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колуңда.
Аткарылып элдин үмүт тилеги, Желбиреди эркиндиктин желеги. Бизге жеткен ата салтын, мурасын, Ыйык сактап урпактарга берели.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колуңда.
Котормо
Land of snowy mountains, steppes and valleys, Which are equal to the souls of our folks. Within your Ala-Too for aeons countless, Where our fathers dwelled and protected them.
Chorus:
March on, O Kyrgyz folk, March towards democracy! Keep prospering, off we go, In your hands lies your destiny!
Our hopes, aspirations accomplished, Your banner of freedom is soaring over us, With our forebears' traditions we are endowed, For aeons shall our culture stay holy to us.
Chorus:
March on, O Kyrgyz folk, March towards democracy! Keep prospering, off we go, In your hands lies your destiny!