May 18, 2024
Китеп Жолугушуусу
Ураа 🤩
Алгачкы жолу Кыргыз Диаспорасы мекенибиздин адабий мурасына арналган Китеп жолугушуусун уюштурууда.
Бул жолугушууда биз залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасын талкуулайбыз. Бул кыргыз адабиятын баалаган ар бир инсан үчүн бир жерге чогулуп, алган таасирлери менен бөлүшүүгө жана чыгармада көтөрүлгөн маанилүү темаларды талкуулоого сонун мүмкүнчүлүк.
Бизге кошулуңуз жана Кыргызстандын рухун улуу чеберчилик менен жеткирген Айтматовдун ааламына чөмүлүңүз! 🇰🇬
Китеп жолугушуусуна жазылуу үчүн профилдин башкы бетиндеги (шапкасындагы) шилтеме аркылуу өтүп, каттоодон өтүңүз ⬆️
Күнү: 08.06.2024
Убактысы: 14:00-16:00
Китеп: «Биринчи мугалим» Ч. Айтматов
Орундар чектелүү, андыктан жазылууга жетишип калыңыз 🙌
Жолугушканга чейин сак болуңуз😊
