February 9, 2024
Польшадагы Кыргыз Диаспорасы
ПОЛЬШАДАГЫ КЫРГЫЗ ДИАСПОРАСЫНА кош келиңиздер 🤝
📌 Биз - КОММЕРЦИЯЛЫК УЮМ ЭМЕСПИЗ.
Биздин негизги максатыбыз - ЕБ өлкөлөрүнө интеграциялануу аркылуу элибиздин маданий баалуулуктарын жайылтуу 🇪🇺
📌 Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин деңгээлин көтөрүү.
📌 Польшанын аймагындагы мекендештерди легалдаштыруу, социалдык жана бизнес долбоорлор маселелери боюнча колдоо, ошондой эле ар кандай тармактардагы польшалык мыйзамдар менен тааныштыруу.
📌 Биздин бардык максаттарыбызды жана долбоорлорубузду ишке ашыруу үчүн ар кандай кызыктуу иш-чаралар даярдалат:
🤾 Спорттук иш-чаралар
☕️ Биргелешкен пикниктер
🇰🇬 Улуттук майрамдарды өткөрүү
🧩 Волонтердук колдоо
Жана башка көптөгөн иш-чаралар.
Биздин командага кошулуңуз жана келечек муундар үчүн эң мыкты мурасты бирге жаратыңыз 🇰🇬🇪🇺
