March 5, 2024
КР Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттары менен жолугушуусу
Урматтуу мекендештер‼️
Ушул жума күнү, 2024-жылдын 8-мартында, мекендештердин КР Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттары менен жолугушуусу өтөт, ошондой эле ага Кыргызстандын ГФРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Текебаев Өмүрбек Чиркешович катышат.
Бул жолугушууда Варшавада, ошондой эле Польшанын жана Европанын башка шаарларында жашаган бардык мекендештер келип, КР бийлик өкүлдөрүнө эркин суроо бере алышат.
Жолугушуунун уюштуруучулары: «Kyrgyz Diaspora in Poland» жана «Данакер»
📍Дареги: Vistula University AULA 4
⏳Убактысы: 16:50
